20-августтан баштап автобус, троллейбустарда жол кире накталай алынбайт
RU

20-августтан баштап автобус, троллейбустарда жол кире накталай алынбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-августтан тарта Бишкектеги коомдук муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөө токтотулат. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашат.

Маалыматта айтылгандай, эми жүргүнчүлөр "Тулпар" электрондук билеттери аркылуу жол кире төлөйт. Стандарттык транспорттук картаны атайын акция менен айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Жүргүнчүлөр электрондук төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөй алышат:

  • үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген) аркылуу;
  • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары аркылуу;
  • виртуалдуу NFC картасы аркылуу;
  • "Тулпар" жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө менен;
  • "Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сизге ыңгайлуу болуу үчүн көрсөтүлгөн күнгө чейин транспорт картасын сатып алууну жана Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну суранабыз", - дешет мэриядан.

Стандарттык көк карталарды "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13760