Президенттин мурдагы кеңешчиси камакта калтырылды
164
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков камакка алынды. Маалыматты Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан ырасташты.
Белгилүү болгондой, 22-майда Бишкектин Ленин райондук сотунун тергөө судьясы УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Ага ылайык, Кубандыков тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, тагыраагы 17-июлга чейин камакта калтырылды.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери чет элдик инвесторлорду алдап кеткен деген шек менен К. Ж. А. жана А. К. Тны кармашкан. Факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17866
