Сырт өрөөнүнө 20 сантиметрге жеткен кар жаады
13
Жети-Өгүз районуна караштуу алыскы Сырт өрөөнүндө кар жаады.
ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кардын калыңдыгы 15-20 сантиметрге жетип, мал жандыктарга кыйынчылык жаралган.
7-июнда тиешелүү кызматтар тарабынан жергиликтүү тургундарга жана малчыларга азык-түлүк, 335 түк чөп тоют жеткирилди дешти башкармалыктан.
Тема боюнча:
Белгилесек, июнь айынын башында Нарындын Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүнө да кар жааган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17969
