Жайында Нарындын Арпа өрөөнүнө кар жаады
RU

Жайында Нарындын Арпа өрөөнүнө кар жаады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүнө калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен кар жаады. Маалыматты 5-июнда ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы кабарлады.

Учурда аймактагы малчыларга жем-чөп жеткирүү иштери уюштурулууда.

Ошондой эле ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жерине чыгары белгилүү болду. Башкармалык абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17954