Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү завод курулат
188
Министрлер кабинети менен "Борбордук Азия энергетикасы" ЖЧКсынын ортосунда Кочкор-Ата шаарында инновациялык мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоордун жалпы инвестициясы 25 млн долларды түзөт.
Заводдун кубаттуулугу жылына 450 миң тонна, анда кеминде 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, кызматкерлердин 90%ы Кыргызстандын жарандары болот деп айтылат маалыматта.
Ишканада К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин, дизелдик отун, битум жана мотор майлары өндүрүлөт. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18307
