Ысык-Көлдө милиция ток урган туристти тыгындан чыгарып, ооруканага жеткирди
RU

Ысык-Көлдө милиция ток урган туристти тыгындан чыгарып, ооруканага жеткирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде 21 жаштагы чет өлкөлүк жаран электр тогуна урунуп, ооруканага жеткирилген.

Жолдо Чолпон-Ата шаарындагы тыгындан улам бейтапты өз убагында алып өтүү кыйын болгондуктан, коштоп бара жаткандар милиция кызматкерлеринен жардам сурашкан.

Тартип сакчылары кызматтык унаа менен жол ачып берип, жабыркаган жаранды жандандыруу бөлүмүнө ыкчам жеткиришкен. Дарыгерлер керектүү жардам көрсөтүп, учурда анын абалы туруктуу экени маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18296