ИИМ менен элчилик өлкөдө жүргөн кытай жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзөт
201
Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыктары менен Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы кытай жарандарынын арасында укук бузууларды алдын алууга багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери, мыйзамдарды сактоонун зарылдыгы, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын мындан ары ишке ашырмай болушту.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18316
