Курулушта иштеген чет элдик жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
RU

Курулушта иштеген чет элдик жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы курулуш объектилеринде эмгектенген чет өлкөлүк жумушчуларга мыйзам талаптарын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта акыркы мезгилде айрым курулуш объектилеринде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти бузуу, мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу мыйзам талаптарына каршы аракеттер катталганы айтылат.

Буга байланыштуу алдын алуу иштери күчөтүлүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы бир катар курулуш объектилеринде чет өлкөлүк жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле мыйзамсыз аңчылык, балык уулоо жана башка укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18272