Ысык-Көлдө унаалардын кыймылына 3 күн бою чектөө киргизилип турат
Ысык-Көлдүн Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда 30-июлдан 2-августка чейин маал-маалы менен жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул Бает айылында өтө турган "Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-при - Issyk-Kul 2026" эл аралык мелдешине байланыштуу көрүлгөн чара.
Облустук милиция айдоочуларга, өзгөчө айыл чарба техникаларынын, жүк ташуучу жана көлөмдүү унаалардын айдоочуларына жолдо убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экенин эскертет.
Жарандарга зарылчылык болбосо алыскы сапарга чыкпай туруу, болбосо Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу өткөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу менен жүрүү сунушталат.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бардык жол кыймылынын катышуучуларынан эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.
