Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылы октябрга чейин чектелет
Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Калаа башкармалыгынан белгилешкендей, чектөө жол коопсуздугун жогорулатуу, муниципалдык автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин саат 9:00дөн 19:00 аралыгында абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорттордун кыймылы убактылуу чектелет.
Чектөө Бишкектеги муниципалдык жолдорго тиешелүү жана төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- гуманитардык жардам жана тамак-аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдары бар жүктөргө;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү атайын уруксаттын негизинде Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өткөн учурда ири габариттүү жана атайын жүктөргө;
- автомобиль жолдорун оңдоо, куруу жана күтүү, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды чечүү үчүн арналган объекттерди куруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жүктөргө.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жана транспорт компанияларын убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга жана белгиленген чектөөлөрдү сактоого чакырат.
