Wildberries кампасындагы өрт: Кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыян такталууда
RU

Wildberries кампасындагы өрт: Кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыян такталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстандагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуу өткөрдү. Экономика министрлиги тараптар Wildberries`тин кампаларындагы өрткө байланыштуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн кабарлады.

Wildberries-Russ компаниясынын өкүлдөрү келтирилген чыгымды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Ал эми министрлик ата мекендик тигүү тармагынын ишкерлерине келтирилген алдын ала зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүү аркылуу маалыматтарды чогултууда.

Баалоо иштери аяктап, тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18324