"Бишкек жашыл чарба" ишканасына бак-даракты кыйганы үчүн айып салынды
14
Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганын аныктады.
Белгилесек, социалдык тармактарга шаар тургунунун видеосу тарап, анда жашыл бактарды кыйып жатканы айтылган. Видеодон кийин текшерүү жүргүзүлүп, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына 17 000 сом айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча кабарлап турууга чакырды.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18326
