Ошто кытайча жазылган жарнактарды алмаштырууга бир саат убакыт берилди
RU

Ошто кытайча жазылган жарнактарды алмаштырууга бир саат убакыт берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Натыйжада айрым ишкерлерге жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Рейдге катышкан мэр Жанарбек Акаев шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдой турганын, бирок мыйзам талаптары сөзсүз сакталышы керкетигин эскертти.

Мыйзам бузуулардын алдын алуу, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жана шаардагы тартипти чыңдоо максатында мындан ары да рейддер жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18327