Манас шаарындагы кытайча жазылган көрнөк-жарнактар иретке келтирилди
12
Манас шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде шаар аймагында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын жана тил эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы кабарлады.
"Мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнамалар алынып, иретке келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18328
