Мэрия жолду сапатсыз кургандар "кара тизмеге" кирет деп эскертти
Бишкек мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү. Анда сапатсыз жол кургандар "кара тизмеге" киргизилери эскертилди дешет мэриядан.
Кеңешмеде белгиленген талаптарды сактабаган, келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбаган, аныкталган кемчиликтерди жойбогон подряддык уюмдарга тийиштүү чаралар көрүлөрү эскертилди. Тагыраагы, аларды ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизип, мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана шаардык кызматтар менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү чектелери билгиленди.
Талкуунун жүрүшүндө подряддык уюмдардын өкүлдөрү айрым тилкелерде жумуштарды аткарууга тоскоолдук жараткан жана тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусун талап кылган бир катар көйгөйлүү маселелерди белгилешти. Кеңешменин жыйынтыгында көйгөйлүү тилкелерде көчмө кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.
Белгиленгендей, 2026-жылы 127 көчөдө жумуштарды аткаруу жана 29 көчөнүн жөө адамдар өтүүчү тротуарларын оңдоо пландаштырылган. Учурда 119 объектте иштер башталып, 46 объектте, анын ичинде автомобилдик жолдордун 33 тилкесинде жана тротуарлардын 13 тилкесинде оңдоо аяктады.
