Германияда эмгек келишими бузулган кыргызстандыктардан элчи кабар алды
Германияда кыйынчылыкка кабылган кыргызстандык студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Белгилүү болгондой, 23-июлда элчи Бремен шаарына барып, студенттер менен жолуккан.
"Студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан экен. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде көрсөтүлгөн да, көрсөтүлбөгөн да бир катар маселелер боюнча оң жыйынтыктарга жетише алдык. Немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга аракет кыларын билдирди", - дейт Текебаев.
Элчилик бул маселени аягына чейин көзөмөлдөп, студенттердин мыйзамдуу укуктарынын сакталышы үчүн иштерди улантарын билдирди.
Белгилесек, буга чейин Кыргызстандан Германияга окуу жана иштөө үчүн барган 100дөн ашык кыргызстандыктар жумушсуз калуу коркунучунда экени, качкындар баш калкалаган жатаканада жатканы айтылган.
Эмгек министрлиги окуя боюнча текшерүү жүргүзүп, 130 кыргызстандык менен эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынганын аныктаган.
"Бул чечим биздин жарандардын кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эмес, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу. Ишке орноштурууну уюштуруу боюнча түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишимине ылайык, жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин белгиленет. Ошол эле учурда иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн бир тараптуу тартипте 28 календардык күнгө чейин кыскартууга укуктуу. Ушуга байланыштуу келишимдин шарттары бузулгандыгы тууралуу маалыматтар тастыкталган жок", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Учурда 50гө жакын студент башка компанияларга жумушка орноштурулган. Ал эми калган жарандарды ишке орноштуруу иштери улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат дешет мекемеден.
