Рыскелди Момбеков да УКМКга суракка чакырылды. Бирок ал барган жок
RU

Рыскелди Момбеков да УКМКга суракка чакырылды. Бирок ал барган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков, кечээ, 31-майда ал да УКМКга суракка чакырлыганын Kaktus.media редакциясына билдирди.

"Ошол эле учурда мени таппай жатышканын йтышты. Бирок мен эч кимден жашынып жүргөн жерим жок, ар дайым иш ордумда отурам, - деди Момбеков. - Мен мага повестка алып келгиле дедим. Ошондон кийин гана аларга барууга даярмын. Кайсы иш боюнча мени чакыртып жатасыңар, деп сурадым. Мага "Кумтөр" боюнча бир нече тактап алчу суроолору бар экенин айтышты. Мен даяр болушум керек, ошондуктан адвокатым менен барам. Белгилей кетейин, мен учурда Кумтөр боюнча комиссиянын мүчөсүмүн, буга чейин эч качан Кумтөр ишине тиешем болгон эмес. Алар бүгүн кечинде повестка алып келүүну убада кылышты", - деп депутат айтып берди.

31-майда УКМКдагы сурактан кийин, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров камакка алынган. Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча, ал эми Төрөбай Зулпукаров - "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелүүдө.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-парламенттин депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1834