Айдоочулардын иш таштоосу. Никитенко милиция жана аскер күчтөрүн тартууну сунуштады
RU

Айдоочулардын иш таштоосу. Никитенко милиция жана аскер күчтөрүн тартууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко Бишкектеги транспорттук коллапска комментарий берди.

Анын айтымында, бүгүн, ал башка шаардыктардай эле жумушуна жете албай, баласын мектепке жеткире албай убара тартты. Себеби маршруттук айдоочулар иш ташташкан.

"Мен иш таштоонун себептерине токтолгум келген жок. Мени башкасы ойлондуруп жатат. Эмне үчүн мэрия жана өкмөт айдоочулар иш таштай турганын алдын ала билип туруп, эч кандай чара көрүшкөн эмес? Транспорттук мекемелерди, милицияны, аскерди же башка мамлекеттик структураларды тартса болот болчу. Башка структуралардын иштөө графигин тактап, алдын ала чаралар көрүлүшү керек болчу", - деди Никитенко.

"Акыры, иш таштоочулардын өздөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрду жүргүзсө болмок. Биздин бийлик ар дайым ушундай иш алып барат. Көйгөйдү алдын албай, окуя болгондон кийин анан реакция жасайт.

Ал эми бүгүнкү күндө өкмөт кызыктай позицияга туруп алды: "Мен билгем, бирок эч нерсе жасаган жокмун" деген. "Чек арада кагылышуу болоорун билгенбиз, бирок эч кандай чара көргөн жокпуз", "Кызды ала кача турганын билгенбиз, бирок эч кандай чара көргөн жокпуз", "Айдоочулар иш таштай турганын билгенбиз, бирок эч нерсе кылган жокпуз", - деп депутат нааразы болду.

Эске салсак, бир күн мурун Kaktus.media редакциясына маалымат булактар маршруткачылар линияга чыкпай турганын айтышкан. Алар жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып жатышат. Бүгүн, 2-июнда шаардыктарды 130 троллейбуз жана 125 автобус тейлеп жатат. Маршрутканын айдоочулары жумушка чыккан жок.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1863