Ташиев: "Кумтөр" боюнча мурунку президенттерди кармаса болот деп жар салды
RU

Ташиев: "Кумтөр" боюнча мурунку президенттерди кармаса болот деп жар салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөр боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргызстандын мурунку президенттери жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жалал-Абадда журналисттерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди, деп жазат "Азаттык".

"Кумтөр" боюнча кылмыш ишинин алкагында эч кандай саясий куугунтуктоо болгон жок. Биз кылмышка тиешеси барлардын бардыгын жоопко тартууга милдеттүүбүз. Ошондой эле биз өз милдетибизди аткарып жатабыз. Премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, жогорку кызматтагы адамдар бар. Андан тышкары, балким, биз айрым экс-президенттерди дагы жоопко тартабыз, анткени алардын буга түздөн-түз байланышы бар", - деди ал.

Ташиев акыркы 25 жылдан бери аткаминерлер Кумтөр маселесинде куурчак болуп келишкенин, эми андай болбой тургандыгын айтты. "Президент Садыр Жапаров башында турган азыркы өкмөт Кумтөрдүн, шылуундардын жана коррупционерлердин колундагы куурчак болбойт", - деп кошумчалады УКМКнын башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1866