Жогорку соттун судьялары Жээнбеков менен Зулпукаровдун кармалышын мыйзамсыз деп моюндашты
RU

Жогорку соттун судьялары Жээнбеков менен Зулпукаровдун кармалышын мыйзамсыз деп моюндашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку соттук кызматка талапкерлер Замирбек Базарбеков жана Нурлан Мусев депутат Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун камакка алынышы мыйзам бузуу менен ишке ашканын моюнга алышты.

Бүгүн, 2-июнда, Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Анарбек Калмаматов Жогорку соттук кызматка эки талапкерди тааныштырды.

Депутат Сайдулла Нышанов аларга суроо узатып, депутаттардын камакка алынуусун мыйзамдуу деп эсептейсиңерби деди.

"Мыйзам боюнча депутат кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурда гана камакка алынат. Башка учурда Жогорку Кеңештин уруксаты талап кылынат. Эгер силер судья болсоңор, силер депутаттарды камакка алуу чечимин чыгармак белеңер?", - деп Нышанов кызыкты.

Базарбеков бул суроого жооп берүү үчүн иштин материалдары менен таанышып чыгуу керектигин айтып, алдын ала жооп бере албай турганын билдирди.

"Биз кылмыш иши жөнүндө кеп кылып жаткан жокпуз. Сөз жөн гана камакка алуу тууралуу болуп жатат. Демек, силер да ушундай чечим чыгарат экенсиңер да?", - деп депутат кайра сурады.

"Эгер Конституцияда бул мыйзамсыз деп жазылып турса, демек бир нерсеси туура эмес кетти", - деп Базарбеков жооп берди.

"Бардыгы мыйзам чегинде болууга тийиш. Эгер өтүп кетсек, мыйзам чегинде гана чечимдерди кабыл алабыз", - деп Мусаев кошумчалады.

Дастан Бекешев судьяга талапкерлерден аппаратта иштегенин унутуп, мамлекет башчысынын буйруктарын аткарбоону суранды (Базарбеков Садыр Жапаровдун адвокаты, президенттин администрациясында соттор жана прокуратура органдары менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси болчу - ред. Kaktus.media)

Электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Базарбековго 94 депутат макул деп добуш берип, 6су каршы. Ал эми Мусаевге 96 депутат макул, 3ө каршы.

Жаңыдан шайланган судьялар дароо ант беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1867