Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун камалышын мыйзамсыз деп аташты
RU

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун камалышын мыйзамсыз деп аташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар кесиптештери мыйзамсыз камакка алынды деп эсептешет. Кеп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан "Кумтөр" иши боюнча кармалган Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров жөнүндө болуп жатат.

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

"Депутаттарга каршы иштер ачылып, камакка алынды. Ошол эле учурда 5-майда кол коюлган Конституциянын 78-беренесинин биринчи бөлүгүндө депутаттар Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин гана жоопко тартылышы мүмкүн деп айтылган. Бирок ал жерде өзгөчө учур бар: эгерде депутат кылмыш кылып жаткан жеринен кармалса, макулдук талап кылынбайт. Башкы прокуратура биздин макулдугубузду алышы керек. Башкы прокуратурадан ушундай өтүнүч болгонбу? " - деп сурады ал спикер Талант Мамытовдон.

Депутат Тазабек Икрамов дагы Баш мыйзамдын 78-беренесин эске салды.

"Парламенттеги билдирүүлөр жана добуш берүү үчүн депутаттар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес. Алар пара менен кармалганда гана жоопко тартылыш керек. Соттор, аларды кармаган укук коргоо органдары эмне үчүн мындай чечим кабыл алышканына жооп бериши керек. Эгер алар депутаттар үчүн ушундай чечим кабыл алышса , карапайым жарандар жөнүндө эмне айтууга болот? " - деген суроосун Икрамов берди.

Мамытов бул маселе боюнча парламенттик аппаратка протоколдук тапшырма берди.

Эске салсак, Жээнбеков жана Зулпукаров менен кошо Исхак Пирматов дагы кармалган. Бирок ага чейин бир нече күн мурун ал мандатын тапшырган. Анын ордуна ант берип Нурбек Мурашев келди.

Мындан тышкары УКМК экс-депутаттар Өмүрбек Бабанов менен Талант Узакбаевди дагы камакка алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1856