Жапаровдун Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуусуна катышууга мугалимдер мажбурланды
RU

Жапаровдун Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуусуна катышууга мугалимдер мажбурланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Общее дело" коомдук фондунун кайрылуусу боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан "2020-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентигине талапкер С.Жапаровдун Ош шаарынын борбордук стадионунда өткөн эл менен жолугушуусуна Кара-Суу районунун мугалимдери катышууга мажбурланды" деген дооматтары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма-сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгы бул кайрылууну Маалыматтарды эсепке алуу китепчесине каттап, териштирүүнүн алкагында аталган райондогу З.Бабур атындагы мектебинин 4 мугалими стадиондогу жолугушууга эч кандай кысымсыз, мажбурлоосуз катышкандыгын аныктап жана бул жөнүндө түшүнүк кат алды.

Текшерүүдө райондун башка билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жолугушууга мажбурлоо менен катыштыруу тууралуу башка маалымат келип түшкөн жок.

Жыйынтыгында, Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан "Общее дело" коомдук фондунун "мугалимдер талапкер менен жолугушууга катышууга мажбурланды" деген кайрылуусунда көрсөткөн дооматтар териштирүүдө өз ордун таппагандыктан, чогултулган материалдар номенклатуралык ишке тиркелди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/189