"Вертолет алоолонуп күйө баштады, ичиндеги кишилерди кудай сактап аман калышты"
RU

"Вертолет алоолонуп күйө баштады, ичиндеги кишилерди кудай сактап аман калышты"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун тургуну Кубанычбек Жусупов Алайда вертолеттун кулап түшкөнүнө күбө болгон. Ал Kaktus.media редакциясына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, кырсык Кичи-Алай айылына караштуу жайлоодо бир нече саат мурун болгон. Тик учак кулап түшкөн учурда ал машинеси менен жолдо бараткан болчу.

"Мен рулда отургам, бир кезде досум: карасаң учуп бараткан вертолет бир нерсе болуп жатат, деп калды. Асмандагы вертолет төмөн учуп, эки жака чайпалып жаткан, бир кезде капталы менен аскага урунуп, жерге кулап түштү. Биз вертолетко жакын барып, ичиндеги кишилерди чыгара баштадык. Ал жерде 13кө чукул киши бар болчу. Тик учак алоолонуп өрттөнүп жатты. Бирок жарылган жок. Ичиндеги элди кудай сактады, бардыгы бир заматта эле болуп кетти", - деп Жусупов бөлүштү.

Анын айтымында үч адамга тез жардам көрсөтүү керек болчу. "Мен аларды машинеме салып, жакын арадагы медпунктка жеткирдим. 112 телефон номерине чалып, болгонун айтып бердим. Досум башка жүргүнчүлөр менен калган. Болжол менен саат 16:25те калгандарын жүк ташуучу машинелер алып кете башташкан. Аларды көмүр ташыган айдоочулар жанына салып кеткен экен. Жакын жайгашкан айылдын тургундары жабыркагандарга тамак аш уюштуруп, биринчи жардам көрсөтүп жатышат. Бул биздин жоокерлер, алар ар дайым мекенибизди коргошот. Бирок эми алар биздин жардамга, муктаж. Азыр ал жерге куткаруучулар жана дарыгерлер чыгыптыр. Ал жерге жетүү оор, эң жакын айыл 40 чакырым аралыкта. Байланыш жок, телефондор кармабайт", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда КРдин Аба куралдуу күчтөрүнүн Ми-8 МТ тик учагы авариялык шартта конууга аргасыз болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1911