Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон митинг өтүп жатат (видео)
RU

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон митинг өтүп жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кулжада "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган Кыргызстандын экс-президентин Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбекти колдоо митинги өтүп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда билдиришти.

Асылбек Жээнбековду колдоп чыккандар саясий куугунтуктоону токтотууну жана Жээнбековду бошотууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, жүрүшкө 200дөй адам катышкан.

Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев менен кошо кармалган. Алардын бардыгы эки айга камакка алынып, тергөө абагында кармалышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1945