Мухаммед Абылгазиев "Бикард" клиникасына госпитализацияланды
RU

Мухаммед Абылгазиев "Бикард" клиникасына госпитализацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда "Бикард" клиникасында. Бул тууралуу Kaktus.media редакцияына укук коргоочу органдарынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин, ошол эле клиникага коррупцияга шектелип, камакка алынган Райымбек Матраимов да жаткырылган болчу.

Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу бир нече күн мурун УКМКнын СИЗОсунан "Бикард" менчик клиникасына которулган.

2021-жылдын 21-майында Бишкектин Биринчи май райсотунда Абылгазиевге 2021-жылдын 26-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу жаза тартуу чарасы кабыл алынган болчу.

Белгилей кетсек, мурунку премьер-министр Абылгазиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына ылайык, Абылгазиев премьер-министр болуп турган кезинде "Кумтөр голд компани" ЖАКка алтын издөө боюнча геологиялык чалгындоолорду жүргүзүу үчүн кошумча территорияларды берүү токтомуна кол койгон. Ошону менен алтын кендин жалпы аянты эки эсе көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн. Анын ичине мөңгүлөр жана табигый корук да кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1960