КЭДП БШКга кайталап шайлоого барбайт (бирок толугу менен эмес)
RU

КЭДП БШКга кайталап шайлоого барбайт (бирок толугу менен эмес)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого катышпайт. Бул тууралуу Kaktus.mediaга партиядан билдиришкен.

КЭДП Бишкек шаарынын шайлоочуларына чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет жана кызыкдар күчтөрдүн чагымчыл аракеттери КЭДПны шаардык кеңеште калктын ар кандай катмарларын жетиштүү деңгээлде өкүлчүлүк кылуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткандыгын белгилейт.

"Бул чечим салмактуу жана кылдаттык менен кабыл алынып, партиянын саясий кеңеши тарабынан узак ички партиялык талкуудан кийин кабыл алынды", - деп билдирди КЭПК.

Бул биз үчүн оңой болгон жок. КЭДПнын көптөгөн колдоочулары аны кандай көңүл калуу менен кабыл алышаарын түшүнөбүз, бирок сезимдерге гана таянып кадам таштай албайбыз.

Партия белгилегендей, борбор калаадагы шайлоо менен Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун ортосундагы убакыт аралыгы өтө кыска жана муниципалдык депутаттардын аракети менен гана Бишкекти өзгөртүү өтө татаал.

"Ошондуктан, КЭДП бүтүндөй Кыргызстандагы саясатка таасир этиш үчүн Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого көңүл бурууну чечти. Арабыздан айрымдар шаардык кеңешке башка партиялардан ат салышканы турат. Бирок биздин бүгүнкү приоритетибиз - өлкөдөгү парламенттик шайлоо", - деп белгиледи саясий бирикме.

Борбор калаадагы шайлоочуларыбыз менен коштошпойбуз. Жогорку кеңешке болгон шайлоо өнөктүгү маалында жолугушабыз.

Эске салсак, КЭДП шайлоо мыйзамдарын бузду деп айыпталып, шайлоодон четтетилген. Ал төртүнчү орунду ээлеген. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлга кайрадан шайлоо дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1986