Кыргызстан Казакстанга суу берет
RU

Кыргызстан Казакстанга суу берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жайда Кыргызстан менен Тажикстан Казакстанга кошумча 645 миллион кубометр суу берет. Бул Казакстандын түштүк регионундагы суу тартыш маселесин бир аз болсо да чечиши мүмкүн. Мындай маалыматты "Хабар 24" телеканалы Казакстандын экология министри Мазгум Мирзалиевге шилтеме берип билдирди.

Министрдин айтымында, Казакстандын жергиликтүү бийлиги жер иштеткен дыйкандар арасында түшүндүрнүу иштерин жүргүзүп, сууну рационалдуу колдонуунун графигин түзүп алууга милдеттүү. Негизгни максат: сууну бардыгына текши жеткирүү.

Белгилүу болгондой, Казакстандын Түркестан облусунда эле айдоо жерлердин аянты 440 миң гектар жерди түзөт. Учурда талаалар сугатка муктаж. Ошондуктан бардык нерсе Сырдарыя дарыясындагы суунун агымынан жана Достык, Зах, Ханым каналдарындагы суунун көлөмүнөн көз каранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2053