Азыркы заманда гуманитрийлер керекпи?
RU

Азыркы заманда гуманитрийлер керекпи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дегеле гуманитарий жана техникалык адистер деп бөлгөндүн өзү актуалдуулугун жоготкондой. Мындай түшүнүк заманбап билим берүү системасына ылайыксыз. Тиги же бул багытты тандаган студенттердин компетенциясы тууралуу сөз кылган туурараак болот. Айырмасын түшүнүү үчүн "Ала-Тоо" Эл аралык университеттин "Гуманитардык илимдер" факультетинде окуган студенттери менен сүйлөшүп көрүүнү чечтик.

Бекзат Калыбеков, "Психология":

- Психология өтө татаал багыт, анда атайын адабиятты тонналап окуп чыгуу зарыл. Дисциплинаны изилдөөнүн алкагында медицина, психиатрия жада калса фармакология менен да таанышабыз.

Мен окуганды жакшы көрөм. 1-курста эле көп жылдан бери тынчымды алып келген суроолорго жооп таба баштадым. 2-курс андан да кызыктуу болду. Биз инсандын психолгиясын изилдей баштадык, а бул - жүздөгөн абройлуу психологдор жана доктурлардын теориялары менен таанышуу дегендик. Биз нейротрансмиттерлерди изилдедик: мээнин бөлүктөрү, тиги же бул психотроптук заттардын жүрүм-турумдун психологиясына тийгизген таасири ж.б.

Мен психологияны күнүмдүк турмушта да колдоном. Маселен, академиялык окуудан эч кандай кыйынчылыктарга туш болгон жокмун, анткени Motivational Interviewing теориясы менен таанышкам. Башкача айтканда мен эмнени каалап жатам жана каалаган нерсеме жетүү үчүн эмненлерди жана кантип жасаш керектигин так билем. Мындай ыкма депрессиядан оолак болуп, чарчоо сезимин жаратпайт. Андан тышкары, бардык курактагы адамдары менен тез эле тил табыша алам.

Психологияны окуп баштагандан бери өзүмө ишенимдүү болуп калдым, мен стереотитптерден жана бөлөк адамдын пикиринен көз каранды эмесмин. Психология биринчи кезекте өзүмдү түшүнүүгө жардам берди. Бул YouTube'дагы мотивация бере турган видео эмес. Мен фундаменталдуу суролорго терең жоопторду ала алдым.

Зарина Абдибаитова, "Синхронный перевод":

- Азыркы заманда тилдерди билүү абдан манилүү. Бул эркин сүйлөшүп, дүйнөнүн каалаган жеринен жумуш издеп, саякаттап, жаңы билим алууга шарт түзөт. Мен беш тилде эркин сүйлөй алам: англис, түрк, немец, орус жана кыргыз. Немец тилин билгендиктен Германияга барып келдим. Ал жерде иштеп, адамдар менен баарлашып, алардын маданияты, салттары менен тааныштым. Францияга да барып келгем.

Котормочулуктун бир нече түрү болот: ээрчип которуу, синхрондуу которуу жана аудиовизуалдуу которуу. Ар бир ыкмасы өзүнчө даярдыкты талап кылат. Мисалы, синхрондуу котормочулар кандай текстти которо тургандыгын алдын ала билишпейт. Конференциянын жалпы темасы гана белгилүү. Демек биз терминологиясын изилдеп чыгып, ошол тема боюнча негизги маалыматтарды чогултушубуз керек. Анан албетте маданиятты, грамматиканы, тиги же бул тилдин стилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек. Которуп жатканда биз ушулардын бардыгын так жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек, б.а. маалыматтын өзүн эле эмес, сүйлөө стилин дагы.

Тилди кынтыксыз, идеалдуу билүу мүмкүн эмес. Биз сөз байлагыбызды ар дайым толуктап, тынымсыз практика кылып турушубуз керек. Жеке мен өзүм, АЭУнын конференциясына катышкам, Coca-Cola компаниясында практикадан өттүм, документтерди коттордум. Өзүмдү өнүктүрүүнү улантып жатам, анткени биздин кесип ошону талап кылат.

Шергазы Гурбаев, "Журналистика":

- Университеттин босогосун аттагандан кийин үйдөгүдөй жылуулук атмосферасын сездим. Бул жакта ар бири, ар дайым жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр. АЭУда бизге эмнелерди үйрөтүшөт? Түрдүү нерселерге. Мисалы, интервью алуунун техникасын. Интервьюну кантип алыш керек, суроолорду кантип түзүү керек, респондентти кантип өзүңө тартып алуу зарыл. Биз интервьюнун түрлөрүн да изилдейбиз. Сабактан эле блиц-опрос жүргүзөбүз. Практикалык сабактардан жождун Ala-Too Daily News деген гезитин жасайбыз.

Белгилей кетсем, сабактардын 80% англис тилинде өтөт.

Албетте журналист ар түрдүү катмардагы адамдар менен коммуникация түзөт. Андан тышкары заманбап ЖМКнын кызматкери мультимедиялык жөндөмдөргө ээ болушу керек: фото, видео тартып, аудожаздыруулар менен иштеп, чогулткан контентти монтаждап дегендей.

Азыр мен Литвада (Вильнюс шаарында) Kazimieras Simonavicius University окуу жайында билим алып жатам. Бул жака Exchange Program студенттерди алмашуу программасынын алкагында келдим.

Учурдан пайдаланып, мугалимдерге ыраазычылык билдирип кетким келет. Алар бизге профессионалдар дүйнөсүнө эшик ачып беришти. Так ошол адамдар бирден кирпич тизип биздин келечегибизди куруп жатышат. Эң негизгиси, алар кандай кырдаал болбосун, ар дайым адам бойдон калуу керектигин көрсөтүп турушат.

Жеке мен, алардын жардамы менен ушул көп кырдуу жана кызыктуу кесипти ийне-жибине чейин билдим.

"Ала-Тоо" эл аралык университети - бул сиздин дүйнөгө болгон терезеңиз!

www.alatoo.edu.kg

[email protected]

+996 555 82 00 00

+996 312 63 04 07

Дареги: Бишкек шаары, "Тунгуч" кичирайону, Анкара көчөсү, 1/8.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2092