Кыргызстандын жаңы муфтийинин ысымы белгилүү болду
RU

Кыргызстандын жаңы муфтийинин ысымы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Уламалар Кеңеши өлкөнүн жаңы муфтийин шайлады. Бул борбордун мурунку казысы Замир Ракиев болгон.

Шайлоо бүгүн, 26-июнда, филармонияда 220 делегаттын катышуусунда өттү. КМДБнын башчылыгына 9 талапкер ат салышты.

Замир Ракиев 1978-жылы 15-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган. Ал Бишкектеги медреседен, Египеттеги окуу курстарынан, Ислам институтунан жана Каирдеги Ислам университетинен билим алган. БГУнун магистратурасын чыгыш таануу адистиги боюнча аяктаган.

КМДБнын маалыматы боюнча, Ракиев 2017-жылдан бери муфтийдин орун басары болуп иштеп келген, ал 2011-2016-жылдары ушул эле кызматты аркалаган. Мурдараак Нарын облусунун казысы болуп иштеген.

Эскерте кетсек, КМДБнын мурунку башчысы Максат Ажы Токтомушев буга чейин кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал жана дин башкармалыгынын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берген, ошондой эле ажылардын ажылык милдетин аткарууга кошкон каражатын пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга шектелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2253