Өмүрбек Текебаев Орхан Инандынын түрк бийлиги кармап кетүүсү боюнча комментарийин берди
RU

Өмүрбек Текебаев Орхан Инандынын түрк бийлиги кармап кетүүсү боюнча комментарийин берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев Түрикянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын Түркиянын Улуттук чалгындоо оюуму дагы бир операциянын ийгиликтүү өткөрүп, FETO'нун улук офицери Орхан Инандыны Түркияга жеткирилгенин жар салганына өз комментарийин берди.

Өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына Орхан Инанды - Кыргызстандын жараны, өлкөнүн Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, деп жазган.

Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болуш керек. Анткени, Кыргыз граждандарынан Кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли -- мамлекеттин негизи.

Ошондуктан, Кыргызстандын Конституциясынын бардык редакциясында "мамлекет өз граждандарынын коопсуздугун коргойт жана Кыргыз гражданинин чет элге эч убакта бербейт" деген кепилдик бар, деп Текебаев белгиледи.

Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын граждандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет.

Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек.

Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек. Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел!

Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек, деп экс-депутат жазды.

Эске салсак, Инанды Бишкек шаарынан, 1-июнга караган түнү жок болуп кеткен. Ал 31-май күнү кечкисин Lexus GX470 унаасын айдап чыккан. 1-июнда, эртең мененки саат 4тө машинеси Малдыбаев көчөсүнөн табылган болчу. Ал эми 5-июлда Түрикянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Түркиянын Улуттук чалгындоо оюуму дагы бир операциянын ийгиликтүү өткөрүп, FETO'нун улук офицери Орхан Инандыны Түркияга жеткирилгенин жар салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2421