Аксы районундагы сел 3 жана 5 жашар балдарды агызып кетти
RU

Аксы районундагы сел 3 жана 5 жашар балдарды агызып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМдин кызматкерлери сел агызып кеткен алты кишинин сөөгүн табышты. Дагы 3 жана 5 жашар балдар изделип жатат. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан эки үйдүн короолорун суу каптап, Жаңы-Жол айылынын жайытына бара турган жолду жууп кеткен. Сел сегиз адамдын өмүрүн алып кетти.

Азыркы учурда 2018-жылы туулган Т.Ф.Н жана 2016-жылы туулган К.А.ны издөө иштери уланууда.

1958-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган Ш.Б.Т., 2009-жылы туулган Ш.А.А., 2014-жылы туулган Ш.А.А., 2005-жылы туулган Т.П.Н., 2009-жылы туулган О.Н.О.нун денелери табылды.

Калган эки баланы издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, милция кызматкерлери жана ергиликтүү тургундар киришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2560