Тышкы иштер министрлиги: Химкиде кыргызстандыктарга белгисиз адамдар кол салган
RU

Тышкы иштер министрлиги: Химкиде кыргызстандыктарга белгисиз адамдар кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Химкиде белгисиз адамдар менен болгон жаңжалдан улам жаракат алган төрт кыргызстандык тууралуу маалыматка комментарий берди.

Кайрылууда элчилик кырдаалды билип, жабыркаган Кыргызстандын жарандарына юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатканы айтылат. Азыр Россия Федерациясынын компетенттүү органдары кылмышкерлерди аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Чыр-чатактын келип чыгышына улуттар аралык кастык себеп болбогону өзгөчө баса белгиленди.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда Москвада жүзгө жакын мигрант Кузьминки аймагында массалык мушташ уюштуруп, [urlhttps://kaktus.kg/doc/2555_moskvadagy_kyrgyzdar_bashka_ylyttagy_migranttar_menen_myshtasha_ketishti_video.html]видеого[/url] түшүп калышкан. Социалдык тармактарда жана айрым орусиялык маалымат каражаттарында массалык мушташтын себеби, бир күн мурун Химки шаарында мигранттын бычакталуусу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2565