Дизайнер Кыргыз курама командасынын салтанаттуу формасындагы оюларды чечмеледи
RU

Дизайнер Кыргыз курама командасынын салтанаттуу формасындагы оюларды чечмеледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дизайнер Дилбар Ашимова Kaktus.media сайтына Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасынын парадга кие турган формасынын концепциясы жөнүндө айтып берди.

Бүгүн Интернетте Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары кие турган формалардын сүрөттөрү пайда болду. Костюмдар социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусун жаратты.

Анын айтымында, бул анын Улуттук Олимпиада комитети менен үчүнчу ирет кызматташуусу. Дилбар мода үйү 2012, 2016-жылкы Олимпиада оюндарында да спортчуларга костюмдарды тигип берген.

Ал 2020-жылдагы Олимпиаданын формасынын үстүнөн эки ай иштеген.

"Биздин спортчулардын Бразилиядагы параддык кийими кандайдыр бир себептерден улам өлкө ичинде терс реакцияны жаратты, бирок бизге дүйнөнүн төрт бурчунан кат жазып, форманын мыкты болгонун айтып, ийгилигибиз менен куттукташкан болчу. Андан кийин Улуттук Олимпиада Комитет бизге так техникалык тапшырма берип, ошол эле үлгүдөгү жеңил пальтону тигүүнү буюртма берди", - деп түшүндүрдү Ашимова.

Анын айтымында, форманы иштеп чыгууда Кыргызстандын маданиятын баса белгилеп, Японияга сый көрсөтүүгө аракет кылышкан.

"Биздин өлкө Олимпиаданын ээси Японияга терең урматтоо менен мамиле жасайт. Анын үстүнө, бул өлкө уникалдуу, анткени өзүнүн маданиятын гана эмес, башка өлкөлөрдүн маданиятын да жогору баалайт. Ошондуктан, биз сакуранын сүрөтүн колдонгонбуз. Бул чыныгы сайма. Кийимдин сол жеңиндеги көк түстөгү толкундуу оймо-чиймелер ажыдаардын кабырчыгы, ал япониялыктар үчүн кудуреттүү күчтү билдирет", - деди Ашимова.

"Оюм-чийимдердин дагы бир бөлүгү Кыргызстандын маданиятына байланыштуу. Оң ийиндеги оймо-чиймелер - марал мүйүздөр. Бул сүрөт байыркы сүрөттөрдөн алынган. Балким, көптөгөн жарандар белгилүү бир оймо-чиймелерге көнүп калышкандыр, бирок чындыгында бизде оймо-чиймелердин түрү көп. Мен алардын терең маанисин көрсөтүүгө аракет кылам. Булгаарыдан жасалган кыстарма. Маркум Мурат Саралинов (Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти, 2015-жылы каза болгон) бугунун мүйүздөрү биздин Олимпиадалык курама команданын визиттик карточкасы, деп көп айтчу. Уламышка караганда, Умай эне балдарын коргойт жана мен мындай тумарды спортчуларыбыздын кийимине кошкум келди ", - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, бул жолку комплект башкалардан мамлекеттик символикалардын сүрөттөрүнүн жоктугу менен айырмаланат.

"Теориялык жактан алганда, костюмда өлкөнүн герби, Олимпиада оюндарынын, Олимпиадалык комитеттин логотиби болушу керек эле. Бирок костюмду практикалык, тыкан, стилдүү кылып жасоо керек эле, ошондуктан бул жолу ирет ал символикаларды кошпой эле коюуга уруксат берилди. Булар Кыргызстандын спортчулары экени айдан ачык болуп турат. Бирок гербдин жана башкалардын сүрөтү чапандын алдына кийиле турган көйнөктөрдө бар", - деп кошумчалады дизайнер.

Эркектердин комплектиси: көйнөк, шым жана баш кийимден турат. Аялдардын топтомунда жибек шарф бар, ал эхми пальтонун астында ак көйнөк болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2566