Төрөбай Зулпукаровдун уулу кафедеги кызга кол көтөргөн деп айыпталууда (видео)
RU

Төрөбай Зулпукаровдун уулу кафедеги кызга кол көтөргөн деп айыпталууда (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бублик" кафесинде эки жигит мекеменин кызматкерин сабоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 2021-жылы 6-июлда эки жаш "Бублик" кафесине кирип, кассага келип, кафенин кызматкерине кол салышкан. Кол салгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун уулу 21 жаштагы Нуригман Зулпукаров болуп чыкты.

Кол салуудан кийин Нуригман досу менен кафеден чыгып кеткен.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө И.А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 18:20 чамасында Киев көчөсүндөгү кафелердин биринде токмоктогон Н. аттуу жигитке чара көрүүнү суранганын билдирген. Кыздын айтымында аны сөгүп- сагып, ур токмокко алган

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жабырлануучунун айтымында, ал кафеде жумушта болгон, ал жакка таанышы келип, агрессия көрсөтө баштаган. Аны уятсыз сөздөр менен сөгүп, билегинен тартып, ошол жерден сүйрөп чыгарууга аракет кылган. Андан кийин ал милиция чакырган.

Кылмышка шектүү 2000-жылы туулган З.Н жабырлануучу И.А. менен мектептен таанышкан, аны менен жолугушуп жүргөндүгүн айткан. Ошол күнү ал аны менен болгон мамилесин жөндөөгө аракет кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2607