Курман айтта кайда жана канчада айт намазы окулат
RU

Курман айтта кайда жана канчада айт намазы окулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айт намазы Бишкектеги жана өлкөнүн бардык мечиттеринде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилей кетсек, Курман Айт ушул жылдын 20-июлунда болот.

КМДБ айт намазына барганда санитардык талаптарды сактоого чакырат.

Айт намазынын программасы:

Майрамдык намаз 20-июлда борбор калаадагы жана республиканын бардык мечиттеринде саат 07:00дө башталат.

07:00-07:20 - Жогорку муфтий Замир кары Ракиевдин сөзү.

07:20-07:30 - куттуктоо.

07:30 - Айт намазы.

Айт намазга катышуучуларга коюлган санитардык талаптар:

  • масканын болушу;
  • жайнамаздын болушу (намаз окуучу килем);
  • мечитте 1,5 метр аралык;
  • кол алышууга жана кучакташууга тыюу салынат;
  • үйдөн даарат алып келүү керек.
  • Муфтият дене табы көтөрүлгөн диндарлардан үйдө отурууну талап кылат. Ошондой эле, быйыл Айт Намазга балдарды алып келбеңиз.

Белгилей кетсек, дин кызматкерлери быйыл коронавируска байланыштуу аянтта айт намазын окуудан баш тартышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2625