Курман айтка карата айтнамаз эски аянтта окулбайт
RU

Курман айтка карата айтнамаз эски аянтта окулбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-июлда, Курман айтка карата, Эски аянтта чоң жамааттык намаз окулбай турган болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришти.

Өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды эске алып, Айт намазды бардык санитардык нормаларды сактоо менен мечиттерде гана окууга уруксат берилди.

"Биз республикалык штаб менен кеңешип, ушундай чечимди кабыл алдык. Ал Бишкекке жана башка шаарларга да тиешелүү", - деп КМДБдан айтып беришти.

Эске салсак, 19-июлдагы иш күн 24-июлга жылды. Ошону менен кырызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2602