Өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз адвокаттын кызматынан баш тартты
RU

Өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз адвокаттын кызматынан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз анын кызыкчылыгын коргогон адвокат Шердор Абыдкапаровдун кызматынан баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media'га адвокат өзү билдирди.

"Бүгүн жабыркаган кызды РЦПЗдан чыгарышты. Аны Токмок шаарынын социалдык коргоо кызматкерлери алып кетишти. Мен келсем, ал өзү менин кызматыман баш тартканын айтышты. Бул нерсе анын өгөй атасы менен боло турган бетме-бет жолугушуунун алдында болгону кызыктай. Мен ходатайство жаздым, учурда жооп күтүп жатам", - деди Абдыкапаров.

Адвокаттын айтымында, кыз узак убакытка чейин өгөй атасы тарабынан зордукталып келген. Анын энеси бул тууралуу билчү, бирок күйөөсүнүн кылмышын жашырып келген. Жакында эле ал зордукталгандыгы тууралуу эжесине жана чон энесин еайтып берип, алар милицияга кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/264