Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
RU

Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев коронавирус илдетине каршы вакцинациядан өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook'тагы баракчасына жазып, сүрөтү менен бөлүштү.

"Достор, китайский вакцина алдым, караңгычылыктын кереги жок, Ковид 19 Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса утушту, эмне деген тартип, мээнет кетти, Кытай молодцы!

Баары жараткандын колунда, бирок сактанганды сактаймын дейт. Достор, вакцина алыш керек, Бир караңгы чалдар каршы чыгып атышат, бул туура эмес. Эгерде ооруп калсаңар 1000 долларга дарыланасыңар, вакцина алсаңар жуксада жеңил өтөт экен.

Европа, Америка, Россия бары алып башташты. Дүйнөдө вакцина табылбай жатат. Вакцина алыш үчүн атайы бир мамлекетке барып сайдырып, ал жерде үч жума жашап, күбөлүгүн алып жатышат. Европада "почти" баарысы алышты.

А бизде өкмөт 1,2 млн. вакцинаны кызылдай акчага сатып келишсе, кээ бирлери караңгычылык менен албайбыз, деп отурабыз. Өкмөт бекер берип жатканда рахмат деп эле алыш керек, вакцина табыш дүйнөдө өтө кыйын болуп турат", - деп Жапыкеев баракчасына жазган.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев өткөн жылы октябрь айындагы митингдин кызуу катышуучусу. Ал митингдердин натыйжасында Кыргызстанда бийлик алмашты. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Жапыкеев финполицияны башкарды. Бир нече айдан кийин ведомоство жоюлуп, Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды. Ал бир канча убакыт Ысык-Көл прокуратурасын башкарып, бирок апрелдин аягында отставкага кеткен болчу. Учурда ал мурункудай активдүү эмес, анда-санда эле интервью берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2657