Исхак Пирматов СИЗОдон бошотулду
RU

Исхак Пирматов СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.mediaга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Көрсөтүлгөндөй, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 15-июлундагы токтому менен шектүү Пирматовдун баш коргоо чарасы ал жерден чыкпоо жөнүндө жазуу түрүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү. Ал туруктуу жана убактылуу жашаган жеринен тергөөчүнүн же соттун уруксатысыз чыгып кетпөөгө, сотко чейинки процессте жана иш боюнча процессте тоскоолдук кылбоого, ошондой эле чакырылган учурда келүүгө милдеттенме алган.

Буга Башкы прокуратуранын улук прокурору менен Пирматовдун ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөнү себеп болгон.

Эскерте кетсек, Пирматов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2687