Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жарым финалына чыкты
RU

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жарым финалына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Токиодо (Япония) Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Ал экинчи беттеште румыниялык Криста Тунде Инчени утуп алды. Ал жеңишке мөөнөтүнөн мурда жетишти, адегенде 6: 0 эсебинде алдыга чыкты, андан кийин атаандашынын далысын килемге басты (туше), бул таза жеңишти билдирет.

Белгилей кетсек, Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча 62 кг салмакта күч сынашат, биринчи жеңиш латвиялык Анастасия Григорьеванын үстүнөн болгон.

Финалга чыгуу үчүн анын атаандашы украиналык Ирина Коляденко болмокчу. Жарым финалдык беттештер 15: 15те башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2874