Бишкекте, кафе-бардагы массалык мушташ. Төрт киши кармалды
RU

Бишкекте, кафе-бардагы массалык мушташ. Төрт киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чердак" кафе-барынын официантын кардарлар тепкиге алып, башын кастет менен жарышкан. Шектүүлөр камакка алынып, ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май ИИБси билдирди.

Эске салсак, 2-сентябрда, түнкү саат 03:20да милицияга кафе-бар "Чердакта" мушташ болуп жатат, деген билдирүү келип түшкөн.

Конфликттин катышуучулары 2001-жылкы Д.И., 2001-жылкы Т.У., 2001-жылкы Т.А., жана 2002-жылкы К.А., райондук ИИБге жеткирилген.

Бул факт КРдин жазык Кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды.

Андан тышкары, "Чердак" кафе-барынын администратору да тартип бузуу, мүлктү бүлдүрүү, мекеменин персоналына зыян келтирүү фактылары боюнча арыз менен кайрылды. Кафенин жабыркаган кызматкерлери да чара көрүүнү өтүнүштү.

Кечээ, 2-сентябрда, мушташтын бардык катышуучулары камакка алынып, Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3354