Билим берүү министрлиги: Балдар мектепте маскасыз жүрсө болот
RU

Билим берүү министрлиги: Балдар мектепте маскасыз жүрсө болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы окуу жылы башталып, мектепте бет кап кийүү милдетүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Kaktus.media редакциясына билдирди.

Анын айтымында, былтыр балдар сабакта отурганда да маска кийип отурууга милдеттүү болчу, бирок балдардын көбү бул шартка көнө албай, кээ бирлери чечип салса, айрымдары бир эле бет капты бир күн кечке кийип жүрүштү.

Ошондуктан маска тагынуу сунуш катары гана айтылат.

"Бирок кире бериште окуучулардын дене табын текшерүү, жеке гигиенаны, санитардык нормаларды, танапис учурундагы аралыкты сактоо жана ар бир сабактан кийин классты желдетүү милдеттүү талап. Сөзсүз профилактика жүргүзүлөт", - деп Абдылдаева белгиледи.

Анын айтымында, тиешелүү сандагы мектеп кызматкерлери коронавирустук инфекцияга каршы вакцинациядан өтүшкөн.

Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3382