Садыр Жапаров Мелис Аспековдун кармалышы жөнүндө: Анын штабга тиешеси жок
RU

Садыр Жапаров Мелис Аспековдун кармалышы жөнүндө: Анын штабга тиешеси жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда, бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум өтүп жатат. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жубайы менен келип добуш бергенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Мелис Аспеков боюнча комментарий берди.

Эске салсак, Мелис Аспеков социалдык тармактарда жана митингдерде көп жылдан бери Садыр Жапаровду колдоп келет. Октябрь окуялары учурунда да Садыр Жапаровдун жанында жүргөн.

Жарандык активист Мелис Аспеков "Мекенчил" партиясынын мүчөсү. Аны менен кошо блогер Улан Джураев "Кыргыз Темир Жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен $250 миң опузалады деген шек менен камакка алынган.

"Мен кечээ бул тууралуу уктум, бул менин таанышым болсун, менин өкүлүм болсун же тууганым болсун айрымасы жок, кылмыш жасадыбы, демек жооп бериш керек", - деп Жапаров комментарий берди.

Ошол эле учурда, Мелис Аспеков өзүн Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабынын жетекчисимин, деп атап келген.

Жапаров мыйзам алдында бардыгы бирдей жоопко тартылат, президентттен тартып жөнөкөй жаранга чейин, деп белгиледи.

Аспековдун анын штабына тиешеси барбы, деген суроого Жапаров "жок" деп жооп кайтарды. "Бул 10 миң доллар тууралуу видео тарагандан кийин эле белгилүү болгон. БШК бул маалыматты тактап, ал штабдын өкүлү эмес экенин аныктаган", - деп кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров "Киргизия-1"де, №1053 шайлоо участогунда добуш берип кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/339