Маршруттун айдоочусу жол кирени өз алдынча жогорулаткан. Мэриянын реакциясы
RU

Маршруттун айдоочусу жол кирени өз алдынча жогорулаткан. Мэриянын реакциясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Call-борборуна окурмандын жөнөткөн маалыматты.

Дордой базарынан 230-маршруткага отурган баладан айдоочу тыгынды шылтоолоп, жол кире үчүн 20 сом сураган. Ал "эмнеге өзүм билемдик болуп жол кирени көтөрүп алдыңыр. Башкалар жүргөн жолдо эле жүрөсүңөр да" деп бул үчүн чара көрүлбөгөнүнө нааразычылыгын билдирген.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардык транспорт башкармалыгына шилтеме берүү менен төмөндөгүлөрдү билдирет. Жүк ташуучу компания "Транском Юнити" 230-номерлүү маршрутту тейлеген В4507AF мамлекеттик номурлуу кичи автобустун айдоочусу менен келишимди бузган. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы аталган ишкананын жетекчилигине мындай жагдайлар келечекте кайталанбашы үчүн алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3457