Асел Кадырбекова Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөрүн жүктөдү
RU

Асел Кадырбекова Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөрүн жүктөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова мурунку жолдошу Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктап, чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү.

"Кызымдын камкоор атасы, туулган кунун менен! Жашоодо, кандай статуста болбойлу, кызыбыз үчүн, дайыма ата-энеси статусунда калабыз. Өзүмө каалаган бүт жакшылыктарды сага да каалайм. Мындан кийин да сени колдоп, жашоодогу бүт бакытты, жакшылыктарды каалап, кызым экөөбүз сенин ийгиликтериңе кубанып гана жүрө берели", - деп Instagram баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, эстрада ырчысы Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 31 жашка толду. Ал ырчы айым Асел Кадырбекова менен 2018-жылдын башында баш кошуп, ушул жылы эки башка жолго түшүшкөн. Алардын Дария аттуу бир кызы бар.

[/gallery2]

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3468