Валентина Шевченко Хабибдин айтканына арданып, ага жооп кайтарды (видео)
RU

Валентина Шевченко Хабибдин айтканына арданып, ага жооп кайтарды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC'деги эң жеңил салмак категориясынын чемпиону Валентина Шевченко Хабиб Нурмагомедовдун рингдеги кыздар боюнча айткандарына жооп кайтарды. Эске салсак, Нурмагомедов ринг-герлз - беттештердеги эң эле пайдасыз адамдар деп айтканы маалым.

"Сулуу айымдар - кандай болбосун иш чаранын көркүн ачып турушат. Мен ошолорго айткым келип турат, бирөө жарымды пайдасыз деп айтууга эч кимдин акысы жок. Учурда кайсы жерде болсо, демек ошол жерде болуусу буйрук. Анткени башынан эле ошол жакта. Кайсы иш чара болбосун келгениңерде сулуу айымдарды көрөсүңөр. Аларды көргөндө ырахат аласыңар туурабы? Мындай кыз-келиндер бардык нерсенин көркүн ачып турушат", деп Валентина Шевченко жооп кайтарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3678