Талибдер аскерлерин Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына жөнөтүүдө
RU

Талибдер аскерлерин Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына жөнөтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибандын" өкүлдөрү "миңдеген" аскерлерин Афганистандын Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына жөнөткөн деп билдирди Озоди.

Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган (анын ичинде Кыргызстанда), Талибан кыймылы Афганистанда бийликти басып алгандан кийин Ислам Эмирлиги түзүлгөнүн жарыялаган. Алар акыркы күндөрү Тахор провинциясына "коопсуздук коркунучтарын жана башка мүмкүн болгон коркунучтарды жоюу үчүн" аскерлерин жиберип жатат.

Тажик бийлиги бул жаңылыкты "бир аз апыртылган" деп эсептейт. Бирок, ошол эле учурда алар "чек аранын ары жагындагы экстремисттик топтордун аракеттерин көзөмөлдөйт" деп билдиришет.

Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 25-сентябрда өзүнүн Твиттерине аскердик машиналардын жана формачан кишилердин сүрөттөрүн жайгаштырып, потенциалдуу коопсуздук коркунучтарын жана башка чакырыктарды жоюу үчүн Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын "он миңдеген атайын күчтөрү Тахорго жайгаштырылганын" жазган.

Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен террорист-жанкечтилерден турат. Өткөн аптада талиптер бул аскерлер Бадахшан провинциясына жайгаштырылганын жарыялашкан.

Тажикстан Афганистандын "эзүү аркылуу түзүлгөн" талибдер өкмөтүн тааныбай турганын ачык айткан саналуу коңшуларынын бири. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон талибдерди бир нече жолу сындап, Ооганстандагы тажиктердин укуктарын көз жаздымда калтырды. Ошондой эле тажик бийлиги Панджшир провинциясында талибдерге каршы турган жалгыз күч - Каршылык көрсөтүү фронтун колдой турганын жашырган жок. Андыктан айрым эксперттер тажик чек арасындагы талибдердин аракеттерин Тажикстандын позициясы менен байланыштырышат.

26-сентябрда атын атагысы келбеген тажик чек ара аскерлеринин ГБАОдогу өкүлү "миңдеген аскерлер" тууралуу кабарлар коркунучтуу экенин, бирок, алар чек аранын ары жагында эмне болуп жатканын тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты.

"Биздин билишибизче, миңдеген адамдар келген жок, бирок он киши чогулган күндө да, биз муну коркунуч катары кабыл алып, сергек болобуз. Биздин чек арачылар коркууга жана жалган маалыматка моюн сунбайт жана ошого ылайык иш кылышат", - деди чек арачы.

Буга чейин тажик бийлиги тажиктер менен кавказдыктардан турган талибдердин көзөмөлүндөгү кээ бир бандалар Тажикстанга басып кирүүгө даяр экени тууралуу маалымат алганын билдирген. Андан кийин талибдер бул маалыматты четке кагып, Афганистандан коңшу мамлекеттердин жерине кирүүгө эч бир топко уруксат берилбей турганын айтышты. Анткен менен Тажикстан талибдердин бул кепилдиктерине ишенбейби айтор чек ара коопсуздугун күчөтүү үчүн чараларды көрдү.

Тажикстандын Афганистан менен чек арасы 1400 чакырымдан ашат. Акыркы убакта Тажикстан Росссия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башка мүчөлөрү менен тажик-ооган чек арасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, аларды чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн колдонууда.

Талибдер 15-августта Кабулду басып алып, Афганистанды "Ислам эмираты" деп жарыялашкан. Дээрлик эки айдан бери, эч бир өлкө талибдердин жаңы өкмөтүн тааный элек.

Эмне үчүн маанилүү

  • Бул Кыргызстандын коопсуздугуна түздөн -түз коркунуч келтирбейт. Бирок, Кыргызстан Тажикстан менен чектешет.
  • Буга чейин эксперттер талибдер Тажикстанды Борбор Азия аркылуу өтүү үчүн коридор катары колдонушу мүмкүн экенин эскертишкен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3690