Бөлтүрүк, Ташиев, Жапаров, Зулушев Женевадагы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташты
RU

Бөлтүрүк, Ташиев, Жапаров, Зулушев Женевадагы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 30-сентябрда, кыргыз делегациясынын Centerra Gold Inc. жетекчилиги менен юристтердин коштоосунда өткөн үч күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Kaktus.media'га жеке булактар билдиришти.

Кыргыз тараптан УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Акылбек Жапаров, Генералдык прокурор Курманкул Зулушев өкүл болуп барышты. Андан тышкары делегациянын курамына "Кумтөрдүн" тышкы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк да барган.

Centerra Gold Inc. тараптан Centerra Gold Inc.'тин президенти, башкы аткаруучу директору Скот Перри жана башка жогорку рангдагы компаниянын жетекчилери болушту.

Маалымат булактардын айтымында, эки тарап тең май айынан берки Кумтөр алтын кенине тышкы башкарууну киргизүү чечими кабыл алынгандан кийнки алгачкы жолугушууга оң өңүттө баа беришти.

Улуттук делегация өз позицияларына бек туруп, өлкөнүн кызыкчылыгын ишенимдүү коргошту, деп маалымат булагы белгиледи.

Сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Делегация Кыргызстанга бүгүн учуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3740