Митингчилер депутат Ибраевдин үй-бүлөсүнөн акчаны кайтарып берүүнү талап кылышууда
RU

Митингчилер депутат Ибраевдин үй-бүлөсүнөн акчаны кайтарып берүүнү талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда, Бишкектеги Ак үйдүн жанында митинг өтүүдө. Митингчилер Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу аларга карыз экенин жарыялашкан.

Катышуучулардан бири укук коргоо органдарынан депутат Ибраевдге карата чара көрүүсүн талап кылып жатышканын билдирди.

Алардын айтымында, буга чейин депутат соодагерлердин ар бирине телефон чалып, уулу тууралуу укук коргоо органдарына билдирбөөнү суранган. Азыр ал сөзүнөн баш тартып жатканын билдиришти.

"Депутат баласын Европага жөнөттүп, ал Болгариянын жарандыгын алган. Эми уулу бойго жеткенин айтып, баласынын кылыктары үчүн эч кандай жоопкерчиликти албай жатат", - деди митингчилердин бири.

Эске салсак, буга чейин борбордук милиция "Строймир" ЖЧКсынын генералдык директору 1992-жылкы Данияр Саматбекович Ибраев 2018-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жылга чейин курулуш арматурасын жеткирип берем деген шылтоо менен жети кишинин акчасын алган, деп билдирген. Алынган каражаттын жалпы суммасы 507 млн 352 миң 49 сомду түзөт.

2019-жылдын 24-декабрында Данияр Ибраев алдамчылыкка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилип, ошол эле күнү Бишкектин Свердлов райондук соту ал жок болсо деле (заочно) камакка алуу чарасын чыгарган. 2019-жылдын 26-декабрында ага эл аралык издөө жарыяланган, анын ичинде Интерполдун линиясы боюнча дагы. 2020-жылдын 28-февралында София шаарында (Болгария) камакка алынып, Кыргызстанга экстрадициялоо процесси башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3765