Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
RU

Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат Тай-Мурас Ташиев депутаттык ыйгарым укугун тапшыруу тууралуу арызын жазды. Маалыматты Kaktus.media'га БШК тастыктады.

Мандаттан баш тартуу тууралуу арыз кечээ, 4-октябрда, жергиликтүү Аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

Камчыбек Ташиевдин уулу шаардык кеңешке 2021-жылдын апрель айында "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын квотасы менен өткөн. БШК белгилегендей, арызда мандаттан баш тарткандыгынын себеби жазылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3780